Рональд Куман «Барселона» клубуна башкы машыктыруучу болуп дайындалды
РИА Новости билдиргендей, 57 жаштагы футбол адиси менен клубдун ортосундагы келишим
2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлдү. Куман башкы машыктыруучулук кызматка
Кике Сетьендин ордуна келди. Бул Кумандын Барселонага экинчи ирет кайтышы.
Ал мурда испаниялык клубда футболчу катары ойногон.