Instagram жеке билдирүү жиберүүнүн веб-версиясын сынакка койду

Instagram жеке билдирүү жиберүүнүн веб-версиясын сынакка койду.

Азыр бул саналуу гана колдонуучуларга жеткиликтүү.

Компьютердик адаптацияда билдирүүнүн сервиси өзгөрбөйт:

колдонуучунун баракчасынан да, билдирүү бөлүмүнөн да топ түзүп же

жаңы маек баштоого болот. Аны менен катар сүрөт жиберип жана

окулбаган билдирүүлөргө көз салуу мүмкүнчүлүгү бар.

Сайттан келген билдирмелер эгер браузерден уруксат болсо,

компьютердин бетине чыгып турат.

Буга чейин тиркемеде гана кат алышуу мүмкүн болчу.