Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Японияга жөнөп кетти.
Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунан билдиришти.
Эске салсак, 2022-жылкы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына
тандоо туру Японияда өтөт. Кыргызстан ойногон F тайпасынын оюндары
Осака шаарында болот. Биздин футболчулар 7-июнда Монголия,
11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.