Испанияда алгачкы ирет компьютер оюнунан көз каранды адам дарыланууга жиберилди.
Өспүрүм бир жылдан бери сыртка чыкпай, башка адамдар менен баарлашуудан качып,
тамак-ашка жана жеке гигиенага көңүл бурбай, күнү-түнү компьютер оюндарын ойногон.
Анын дарылануусу эки айга созулду. Натыйжада ал компьютер оюнун азыраак ойноп,
коомдук көрсөткүчтөрүн жакшыртты. Эске салсак, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
видео оюндарга көз карандылыкты 2018-жылы психикалык оорулардын тизмесине киргизген.