Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн, 16-сентябрда саат 12:31 чамасында Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды.

Анын очогундагы күчү 4 баллга жеткен.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Дөң-Талаа, Булан-Сөгөттү жана Ала-Баш айылдарында 3 баллга, Көк-Сай жана Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга сезилди.