Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн кайрадан иштетүүчү ишкана түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн кайрадан иштетүүчү ишкана түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов менен Organic Holding KG компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

 

“Кыргызиндустрия” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргызстанда органикалык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, анын адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жаратылышка жана климатка таасири тууралуу талкуулашты.

 

Ошондой эле өлкө аймагында биргелешкен күч-аракет менен экологиялык таза жана пайдалуу продукцияны өндүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кеп кылышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргызиндустрия” ААК менен Organic Holding KG компаниясынын ортосунда Кыргызстанда биргелешкен ишкана түзүү жолу менен дары өсүмдүктөрдү өстүрүү жана кайрадан иштетүү боюнча стратегиялык маанилүү тармакты өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.