Министрлер кабинети Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу боюнча план иштеп чыкты.
Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, кризиске каршы иш-чараларга бюджеттен 5,5 миллиард сом бөлүнөт.
Ал белгилегендей, ички валюта рыногундагы кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт. Мындан тышкары бийлик калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону, азык-түлүктүн кескин кымбатташына жол бербөөнү, ошондой эле чет элдик валютада насыя алгандарга жардам берүүнү пландоодо.