Японияда «акылдуу» котормочу-бет кап чыгарыла баштады.
Ал коронавирустан коргоо кызматы менен бирге ээсинин сүйлөгөн сөздөрүн
башка тилдерге которот. Ал сөздөрдү дүйнөнүн 9 тилине которууга жөндөмдүү.
Коргонуу каражатын сентябрда дүкөндөргө сатыкка чыгаруу пландалууда.
«Акылдуу» котормочу-бет кап 40 доллардан сатылмакчы. Мындай бет каптар алгач
Японияда гана сатылат. Андан кийин Кытай, Европа жана АКШда жеткиликтүү болот.