Жалал-Абад облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе бар

Жалал-Абад облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе бар.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык,

вирус менен күрөшүүгө медициналык окуу жайдын 26 мугалими жумуштарга тартылды.

Учурда аймакта эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. Учурда 3 медайым кызыл зонада иштеп жатат.

Мындан тышкары үйүндөгү медицина кызматкерин кызматка кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, кызматкерлерге кошумча каражаттар толук көлөмдө төлөнүп берилди.