Кошумча жалпы республикалык тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт

Кошумча жалпы республикалык тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул тестирлөө июнь айында өз

мөөнөтүндө сынакка катышпай калгандар үчүн уюштурулат. Бүгүн абитуриенттер

негизги тестти тапшырса, эртең предметтик сынактан өтүшөт. Жыйынтыктар тууралуу

сертификат Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунда жана

Оштогу шардык билим берүү бөлүмүндө 17-июндан кийин берилип калат.