Вьетнамдын тургуну айфондордон дарбаза куруп алды. Өзгөчө жасалгага ал жүздөгөн гаджеттерди колдонду. Дубалга көбүнчө iPhone 6, 7 жана 7 Plus смартфондору чапталган.
Дарбаза ээси миллионер эмес. Ал болгону телефон оңдоочу жайда иштегендиктен, жарабай калган корпустарды ушундай максатта колдонууну туура көргөн.