Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 4 миллионго чукулдады

9-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 937 миң 813кө жетти. Алардын арасынан 1 миллион 319 миң 447 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 276 миң 863 адам каза болду.

 

Дүйнө боюнча вирус жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда 1 миллион 283 миң 908 адам катталган. 198 миң 993 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, каза болгондордун саны 77 миң 179га жетти.

 

Испанияда 222 миң 857 адамда коронавирус инфекциясы катталган. Андан 131 миң 148 адам айыкса, 26 миң 299 бейтап көз жумган.

Италияда 217 миң 185 адамдан вирус табылган. Анын 99 миң 23 бейтабы айыгып, 30 миң 201 адам кайтыш болгон.

 

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.