АКШнын Сенаты Дональд Трампты президенттик кызматтан кетирүүгө каршы добуш берди

 

. Ал «Кызматынан кыянат пайдалануу» жана

«Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча акталып,

андан бардык айыптоолор алынды. Беренелер боюнча 47си «күнөөлүү»,

53ү «күнөөсүз» деп добуш берди. Трампты кызматтан кетирүү үчүн 100 сенатордун

67синин колдоосун алышы керек болчу. Президенттин отставкасын колдоп

Республика партиясынын бир гана мүчөсү добуш берди. Ошол эле маалда

Демократтар партиясынын бир дагы өкүлү, анын ичинде Трампты колдоп келген

Жо Манчин дагы президенттин импичментине каршы добуш берген жок.