Италиянын Сицилия аймагы туристтердин көңүлүн аралга бурдуруу максатын көздөп жатат.
Аймактык бийлик, саякаттоо коопсуз болгондон кийин туристтердин бир катар чыгымын жана
билеттин жарым баасын төлөп берет. Сицилия 10-марттан тартып чек арасын жапкандыктан
бир миллиард доллардан ашык чыгымга учурады. Өз кезегинде бийлик өкүлдөрү
мындай ыкма менен мурдагы балансты калыбына келтирет деген ниетте.