Японияда калыңдыгы эки метр кар жаады

Японияда калыңдыгы эки метр кар жаады.

Мындан улам өлкөдө электр зымдары үзгүлтүккө учурап 16 миңдей үй жарыксыз калды.

Уюлдук байланыштарда да үзгүлтүктөр орун алды.

Ниигата аймагында 800гө жакын унаа жолдо калып, жол тыгыны 20 чакырымга созулду.

Бүгүн эртең менен гана куткаруучулар машинелердин жарымына жетпегенин кар алдынан алып чыгууга үлгүрүшкөн.

Өлкөнүн кээ бир аймактарында эртең дагы катуу бороон болору эскертилди.