Аргентинанын футбол боюнча улуттук командасы мекенине кайтып барды

Аргентинанын футбол боюнча улуттук командасы мекенине кайтып барды.

Дүйнө чемпиондорунун капитаны Лионель Месси Буэнос Айресте учактан баалуу трофейди көтөрүп түштү.

Кызыл килем менен басып өткөн чемпиондор Аргентина футбол ассоциациясынын базасында эс алат.

Кечинде башкалаада 10 миңдеген кишинин катышуусунда ири майрамдык иш чара пландалууда.

Эске салсак, Аргентина 18-декабрда Катарда өткөн дүйнө биринчилигинин финалында Францияны пенальтиден жеңип алган.