Өзбекстанда Улуу Жеңиштин ардагерлерине 1 миң 150 доллардан берилет.
Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. Андан тышкары
тиешелүү мамлекеттик органдарга 9-майда карантин эрежелерин сактоо менен
Ата Мекенди коргоочуларга арналган атайын жолугушууларды, маданий-агартуу
кечелерин өткөрүү тапшырылды. Жарлыкты ишке ашырууга
каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.