Мектептердеги карантин узартылышы мүмкүн.
Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү сунушту Билим берүү министрлигине жолдоду.
Анда балдар арасында оорунун күчөшү 68 пайыздан дээрлик 73 пайызга өскөнү айтылат.
Буга байланыштуу мектептеги карантинди 30-декабрга чейин узартып, бала бакчаларды да ошол күнгө чейин толугу менен жабуу боюнча кат жиберилгени кабарланды. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциянын 6 миң 558 учуру катталды.