Японияда мэр олимпиада чемпионунун алтын медалын тиштеп жараксыз кылып алды

 

Японияда мэр олимпиада чемпионунун алтын медалын тиштеп жараксыз кылып алды.

 

Окуя Нагоя шаарында катталды. Калаа жетекчиси Такаши Кавамура оюндарда жеңүүчү аталган Миу Гото менен жолуккан.

 

Куттуктоо сөзүнөн кийин ал медалды тиштеп сүрөткө түшкөн. Бирок ал катуу тиштеп алгандыктан, медаль жабыркап калды.  Эми спортчу башка медалдын даяр болушун күтүүгө аргасыз.