Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри баласын кароо үчүн декреттик өргүүгө чыгууга ниеттенүүдө

Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Коидзуми Синдзиро январда жарыкка келе турган

тун баласын кароо үчүн декреттик өргүүгө чыгууга ниеттенүүдө.

Коидзуми башка кесиптештерин дагы бала багуу үчүн тартынбай эле эмгек өргүү алууга чакырды.

Министр үч айдын ичинде жалпы жонунан эки жумалык өргүүгө чыгат.

Ал иш токтоп калбаш үчүн жумуштан эрте чыгып же үйдөн эмгектенип турат.

Жыйындарды видео аркылуу өткөрүп, кызматкерлер менен почта аркылуу байланышта болот.

Коидзуми декретке чыгуу тууралуу жубайынын кош бой бойлуу кезинде эле ойлоно баштаган.

Муну либералдык-демократиялык партиянын консервативдүү өкүлдөрү сынга алган.