Жайга карата ордо калаада суу оргумаларын даярдоо башталды

Жайга карата ордо калаада суу оргумаларын даярдоо башталды.

“Тазалыктын” 11 кызматкери шаардык резервуарларды пландык ремонттон өткөрүшүүдө.

Алар жабдуулардын абалын текшерип, оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Салтка айлангандай суу оргумалары майдан баштап иштеп баштайт.

Белгилеп кетсек, мэриянын балансында жалпы 16 фонтандык комплекс бар.