Монголияда 5 айдан бери жабык турган мектептер ачылды

Монголияда 5 айдан бери жабык турган мектептер ачылды.

Өкмөттүн кабыл алган чечимине ылайык, учурда 596 орто мектепте

сабактар өтүлө баштады. Жогорку класстар мамлекеттик сынактарга

даярданып жатат. Бирок ар бир класстагы окуучулардын саны ондон

ашпашы керек. Мектептерде 1-сентябрга чейин курстар өтүлүп,

көзөмөл катуу болот. Эске салсак, Моңголиядагы бардык

мектептер коронавирустан улам январда жабылган.