Доллардын серпилүүсү психологиялык факторлорго байланыштуу

Доллардын серпилүүсү психологиялык факторлорго байланыштуу.

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси сомдун курсу ички валюта рыногунда чет элдик валютага суроо-талап менен сунушка жараша эркин түзүлүп жатканын эске салды.

Улуттук банк кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, интервенцияларды жасап жатканын белгиледи.

Кошумчаласак, азыр борбордогу акча алмаштыруучу жайларда валюта орточо 88 сомдон сатып алынып, 89 сомдон сатылууда.