COVID-19 вирусу тараган  Ухань шаарында чектөөлөр толугу менен алынды

COVID-19 вирусу тараган  Ухань шаарында чектөөлөр толугу менен алынды. Хубэй провинциясындагы бул шаар январдын аягынан бери толук изоляцияда болчу. Карантин маалында бардык окуу жайлар жабылып, коомдук автоунаалар токтотулган.

 

Шаардан тургундарына олуттуу себепсиз башка аймакка чыгууга уруксат берилген эмес.

 

Эми шаар кадимки жашоого кайтып келди.