Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына 4 миллион теңгеден берилет

Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын

жакындарына 4 миллион теңгеден берилет.

Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди.

Эске салсак, Алма-Атадан Нур-Султанга бет алган аба кемеси кечээ эртең

менен кыйрады. Ал курулуп жаткан имаратка кулаган. Бортто 98 адам болгон,

алардын ичинен 12 киши каза болгону айтылууда. Ал эми жабыркаган

кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык. Биздин өлкөнүн

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 36 жаштагы

жаран травматология бейтапканасына жеткирилди.