БШК шайлоо бюллетендерин Биринчи май жана Свердлов округдарына жеткирди. Комиссиядан билдиришкендей, жалпысынан кайра шайлоого 200 миңден ашык бюллетень даярдалды.
Ар биринде чүчү кулактын негизинде аныкталган тартип менен талапкерлердин аты-жөнү көрсөтүлгөн. Эске салсак, ордо калаанын эки округунда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо ушул жекшембиде өтөт.