Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 3 миллион 702 миң бюллетень даярдалды.
Анын ичинен 2 миллион 970 миңи кыргыз тилинде болсо, орус тилинде — 732 миң 489, көзү азиздер үчүн атайын брайль арибинде 2 миң 494 бюллетень жасалды.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Шайлоо документтери учурда өлкөдөгү бардык округдук шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет элдик шайлоо участкаларына жөнөтүлдү. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.