Жогорку Кеңешке кайра шайлоолор 20-декабрда өтөт

Жогорку Кеңешке кайра шайлоолор 20-декабрда өтөт. Тиешелүү чечим бүгүн БШКнын отурумунда бир добуштан кабыл алынды. Комиссия мүчөсү Гүлнара Журабаева белгилегендей, Боршайком мыйзам актыларына айрым өзгөртүүлөрдү даярдады.

 

Эске салсак, парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, ал өлкөдө башаламандыктарга алып келгендиктен, БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон.