Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 миллиард сомду сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу маселеси көзөмөлгө алынат.
Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Эске салсак, буга чейин дыйкандарга бөлүнгөн кредитти министрлер менен депутаттардын компаниялары гана алып жатканы айтылган.
Белгилеп кетсек, насыянын алкагында өлкөнү азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыздоо керек. Анын ичинде эт, сүт, кумшекер, май, мөмө-жемиштер бар.