Кадамжайда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облусунда бүгүн мөндүр аралаш жаан жаагандан кийин кокту-колоттон сел акты.
Жыйынтыгында, райондук милициянын имаратынын жертөлөсүн жана Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн короосун суу каптады. Ошондой эле, ички жолдор жабыркады. Учурда куткаруучулар тобу тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.