Окумуштуулар коронавирусту өзү аныктай ала турган бет кап ойлоп табышты

Окумуштуулар коронавирусту өзү аныктай ала турган бет кап ойлоп табышты.

Анын видеосу YouTube-каналга жүктөлдү. Бет каптын ичиндеги датчиктер адамдын абалы,

дем алуусу, жүрөгүнүн согушу, кычкылтек, кан басым жана дене табы тууралуу маалымат чогултат.

Андан кийин «акылдуу бет кап» маалыматты уюлдук телефондогу тиркемеге билдирет.

Ал эми ден соолук боюнча көрсөткүчтөр жарым саат сайын жаңыланат. Датчиктерин жууп,

кайра башка коргонуу каражатына туташтырса болот. Анын баасы алгачкы этапта 36 долларга бааланат.