Энергетиктер “Урумбаш-Жетиген” электр өткөрүү линиясындагы аварияны жөнгө салышты

Энергетиктер “Урумбаш-Жетиген” электр өткөрүү линиясындагы аварияны жөнгө салышты. Белгилеп кетсек, ал деңиз деңгээлинен 3 миң бийиктикте жайгашкан Сары-Кыр ашуусунда жайгашат.

 

Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, линия 6-октябрда аба-ырайынын оор шарттарынан улам иштен чыккан. Жолду кардан тазалоого эле 1 жума талап кылынды.

 

Жерине жеткенден кийин энергетиктер авария болгон тилкени аныктап, 3 күндүн ичинде линияны калыбына келтиришти. Учурга карата “Урумбаш-Жетиген” электр өткөрүү линиясы толук кандуу иштеп жатат.