Токмокто жылуулук сезону старт алды

Токмокто жылуулук сезону старт алды. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүн түндө аба-ырайынын табы кескин төмөндөгөндүктөн, шаар тургундарына, мектеп-бала бакчаларга жана башка социалдык мекемелерге жылуулук берилип баштады.

 

Буга байланыштуу калаада авариялык бригадалар нөөмөт кылууда. Ал эми Бишкекте жылуулук 5-октябрда берилген.