Бишкектин коомдук транспорту накталайсыз төлөм системасына толугу менен ушул жазда өтөт

Бишкектин коомдук транспорту накталайсыз төлөм системасына толугу менен ушул жазда өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге “Электрондук билеттештирүү” долбоорунун координатору Арсен Кондахчан билдирди.

 

Учурга карата системаны ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Азырынча автобус, троллейбустарда жол кире накталай түрдө алынып жатат. Эске салсак, “Электрондук билеттештирүү” долбоорун Бишкекте швейцариялык компания ишке ашырууда.