Эртең Бишкекте коомдук коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт

Эртең Бишкекте коомдук коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Андан белгилешкендей, башкы балатыны жандыруу маалында ошондой эле борбордук көчөлөргө чектөөлөр киргизилет.

 

Алсак, Чүй проспектисинин Эркиндик-Панфилов бөлүгү, Орозбеков, Раззаков көчөлөрү жабылат. Эске салсак, Ала-Тоо аянтында балатынын оту эртең жандырылат. Кече концерт менен коштолот.