Ууланган беткап таратуу боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Ууланган беткап таратуу боюнча маалымат чындыкка дал келбейт.

Ички иштер министрлигинен эскертишкендей, такталбаган билдирүүлөр

үчүн жарандар жоопкерчиликке тартылат. Белгилеп кетсек, WhatsApp

мессенджеринде волонтерлер ууланган беткаптарды таратып, андан кийин

жабыркаган адамдын үйүнө уурулукка кирет деген жалган маалыматтар тарап жатат.

Мындай билдирүүлөр бизде гана эмес, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдө да таратылууда.