Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт.

Мэриянын маалыматына караганда, шаар түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу эртең мененки саат 9дан 5ке чейин «Красный строитель», «Ак-Тилек», “Көлмө”, «Алтын Бешик», «Салам Алик» конуштарында жана Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Саадаев көчөлөрүндө, Чоң Чүй канал аймагында ичүүчү суу жок болот.

Таза суу аталган көчөлөрдө жайгашкан мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде да өчүрүлөт.

Мэрия мындан улам, сууну алдын ала камдап алуу зарылдыгын эскертет.