Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания 1000ден ашык батир куруу ниетинде

Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания 1000ден ашык батир куруу ниетинде.

Бул тууралуу аталган компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, турак жайдын жалпы аянты 93 миң чарчы метрден ашат.

Курулуш Бишкек, Баткен, Нарын, Кара-Балта жана Каракол шаарларында пландалууда.

Бул максаттарга бюджетте 3,5 миллиард сом каралган.