Чет өлкөдө калып калган кыргызстандыктарды чартердик каттамдар ташып баштады.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей,
макулдашылган каттамдарды уюштуруу үчүн чет өлкөлүк компаниялар менен
келишим түзүлүп, иш-тартиби такталды. Бүгүн түндө 6 каттам болсо, кечке чейин
дагы 3өө аткарылат. Алар Санкт-Петербург жана Екатеринбургдан келишмекчи.
Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 1 миңге жакын. Алдыдагы күндөрдө дагы 3 миңге жакын
кыргызстандык Ош жана Бишкек шаарына учуп келишет, — деди Акышев. Кошумчаласак,
коронавируска байланыштуу аба каттамдарга чектөө киргизилгенден бери
Кыргызстандын 3 миңдей жараны чет өлкөлөрдөн келе албай калышкан.
Чектөөлөр 20-мартта башталды.