Ош облусунун райондоруна киргизилген карантиндик чектөөлөр муктаждык болсо дагы узартылат.
Кеп, Араван, Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондору тууралуу болуп жатат. Ошондой эле 7 райондун кире беришине
санитардык түйүндөр орнотулду. novosti.kgге Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
аймакта Райондук штабдын чечими менен той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана
жума намазга барууга тыюу салынды. Эрежеге баш ийбегендерге 60 миң сомго чейин айып салынат.
Анын ортосунда, азык-түлүк базарлары, дарыканалар, банктардын иштешине чектөөлөр жок.
Эске салсак, Ош облусунун аталган 4 районуна 18-октябрда 2 жумалык карантиндик чектөөлөр киргизилген.