Сауд Аравия кичи ажылыкка уруксат берген өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды киргизген жок

Сауд Аравия кичи ажылыкка уруксат берген өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды киргизген жок.

Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда,

Кыргызстан азырынча кирүүгө уруксат берилбеген “сары” категориядагы 20 өлкөнүн ичине кирет.

Ал эми башка 50 мамлекет такыр такыр кирүүгө тыюу салынган “кызыл” категорияда.

Алар Россия, Украина, Британия жана АКШ. 1-ноябрдан тартып 108 өлкөнүн жарандары

Мекке шаарына барса болот. Алардын катарында, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан,

Кытай, Түркия, Азербайжан жана Белорусь бар. Эске салсак, Сауд Аравия бийлиги

1-ноябрдан тартып чет өлкөлүк жарандарга өлкөгө кирүүгө уруксат берген.