Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Ал Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын эркин күрөш боюнча кармаштын жарым финалында жергиликтүү балбан Тэмуулен Энхтуяны 12:6 эсебинде жеңди.
Алтын байге үчүн япониялык Тайши Нарикуни менен күрөшөт.
Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар бүгүнкү күндө тогуз медаль багындырышты.
19-апрелде башталган чемпионат эртең жыйынтыкталат.