Эртең “Өлбөс полк” акциясынын жүрүшүндө Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

Эртең “Өлбөс полк” акциясынын жүрүшүндө Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Кайгуул милициядан билдиришкендей, Токомбаев, Байтик Баатыр, Жумабек, Ибраимов жана Чүй проспектинде кыймылга чектөөлөр киргизилет.

 

Белгилеп кетсек, ордо калаада “Өлбөс полк” акциясы эртең, 9-майда эртең мененки саат 9дан тушкү 1ге чейин өтөт.

 

Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.