“Качкындар жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков кол койду

“Качкындар жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документти буга чейин Жогорку Кеңеш кабыл алган. Өзгөртүүлөргө ылайык, башпаанек сураган чет элдиктерди каттоо Ички иштер министрлигинен алынып, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.

 

Андан тышкары, качкын макамына ээ болуп, бирок өз ыктыяры менен өз мамлекетине же үчүнчү өлкөгө чыгып кеткендер макамдан ажыратылат. Миграция кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпы 208 кишиге качкын макамы берилген.