WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду. Эми билдирүүлөргө реакция калтырса болот. Бул үчүн текстти басып туруш керек, андан кийин анда 6 эмоджи менен диалог бөлүмү чыгат.
Колдонуучу каалаганын жөнөтө алат. Учурда жаңычылдык айрым тестирлөөдөн өтүүдө, жакынкы арада бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот.