Эртең Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын жалпы курамы күчөтүлгөн тартипке өтөт.
Белгиленгендей, Эгемендүүлүк майрамына карата негизги иш-чаралар Аламүдүн районундагы капчыгайда болот.
Кызматкерлер 30 унаа менен аймакты күзөтөт.
Ошондой эле капчыгайда 11 унаа токтотуучу жай каралган.
Туура эмес жерде калган унаалар эвакуацияланат.