Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 7 миллиард сомго жакын каралган.
Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Мекемеден белгилешкендей, 1-августтан тарта бюджеттик тармакта иштеген 58 миң кызматкердин маянасы жогорулады.
Аларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер, кенже техникалык кызматкерлер, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлери кирет.