Эртең ордо калаанын айрым аймактарында суу болбойт.
Мэриянын маалыматына караганда, саат 9дан 4кө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол линиясында өчүрүүлөр болот.
Ошондой эле “Алтын-Ордо”, “Кара-Жыгач” жана “Полиция шаарчасы” конуштарында таза суу өчүрүлөт.
Суу менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу.