Эртең Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу бир саатка жабылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, унааларга 21-июль күнү эртең мененки саат 9дан 10го чейин чектөөлөр киргизилет.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өтөт.
Делегациянын жолдон өтүү маалында кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.