Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу берүү токтотулат.
“Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына караганда, “Алтын-Ордо” жана “Полиция шаарчасында” эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин ичүүчү суу болбойт.
Өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу.
Мындан улам, жарандарга ичүүчү сууну өз убагында камдап алуу сунушталат.